Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 02.12.2017 13:54

Токтогулда СПИДден сак болууга үндөгөн акция өттү (фото)

Turmush -  Токтогул шаарынын борбордук аянтында 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата  акция өтүп, бул дарттан алдын алуу багыттары айтылды.

Токтогул райондук администрациядан маалымдашкандай, иш-чарага жалпы билим берүү мектептердеги жогорку класстын окуучулары, №39 кесиптик лицейдин студенттеринин, медициналык кызматкерлери катышты. Акцияда ак халатчандар СПИД оорусунун жугуу жолдорун айтып, сак болууга чакырык ташташты. Катышуучуларга атайын бакчалар таратылды.

Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү жыл сайын 1-декабрда белгиленет. Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу бара-бара анын кабылдоосуна алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен улуттар уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×