Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 11.11.2017 10:52

Эл ичи — өнөр кенчи: Токтогулдук жөө күлүк кыз Жайнагүл мелдештерде ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын 20 жаштагы тургуну Тиленбай кызы Жайнагүл 2 жылдан бери чуркоо боюнча мелдештерде ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы жөө күлүк кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер бөлүмүндө 3-курстун студенти.

«Спортко кичинемден бери эле кызыгып, оюндарга катышып келем. Үйдөгүлөр ар тараптан колдоп келет. Өзүм 6-класстан 10-класска чейин волейбол ойноп жүрдүм. Кийин жеңил атлетикага болгон кызыгуум арта баштады.

Биринчи жолу 11-классымда Жалал-Абад шаарына барып, 800 метрге чуркап, 3-орунду ээледим. Ошентип жүрүп Токтогулдун тоолорунда машыга баштадым. Жумасына 6 жолу машыгам. Көбүнчө тоолордо жана стадиондордо даярдык көрөм. 2016-жылы эл аралык марафондо 10 км аралыкка чуркап, 1-орунга ээ болдум. Кышкы чемпионатта 800 метрден 3-орунду, «Күз деми» мелдешинде 10 км аралыкка чуркоодон 2-орунду, Казакстандагы эл аралык марафондо 21 км аралыкка чуркоодон 1-орунду ээледим. Чуркаган жеңил дегендерге кошулбайм. Ак мээнет, аракет жана талыкпаган машыгуунун арты менен гана ийгиликке жетише аласың. Сабактан тышкары машыгуулар менен алекмин. 2 жыл ичинде көп ийгиликтерге жетиштим. Учурда 30дан ашуун медалым бар. Өзүм узак аралыка жүгүргөндү жакшы көрөм», - деди ал.

Жөө күлүк кыз үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×