Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 30.10.2017 12:03

Фото - Ала-Бел ашуусунда чоң унаанын 23 тонна шекер жүктөгөн чиркегичи өрттөндү

Turmush -  Токтогул районундагы Ала-Бел ашуусунда жүк ташуучу унаанын чиркегичи өрттөнүп кетти. Өрт кечээ, 29-октябрда саат 06:05 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 237-чакырымында чыккан, деп билдирди ӨКМ.

Өрттүн кесепетинен унаанын чиркегичиндеги 23 тонна шекер жана 6 даана дөңгөлөгү күйгөн. Бактыга жараша адамдар жабыркаган жок. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр барган.

Божомолдор боюнча, өрт автотранспорттук техникаларды пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелердин бузулушунан чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×