Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Жалал-Абад

Токтогулда 6 кой тирүүлөй өрттөнүп, майып жабырлануучунун короосун окуучулар тазалашты (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Торкент айыл аймагындагы Көтөрмө айылынын тургуну Санжар Меңдибаевдин сарайынан өрт чыгып, 400 түк чөп жана 6 кой тирүүлөй өрттөнүп кеткен. Өрт 24-октябрга караган түнү чыккан.

Райондук мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адиси Луиза Күмүшбекованын айтымында, экинчи топтогу майып С.Меңдибаевдин өрттөнгөн сарайындагы калдыктарды тазалоого мектеп окуучулары жардам беришти. Ал майыптыгы үчүн 4 миң сом жөлөк пул алып, эки баласы жана апасы менен жашайт.

Бул үй-бүлөгө райондук администрация тарабынан 5 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү. Ал эми, окуучулар тарабынан тазаланган өрттөн кийинки таштанды 7 унаа менен чыгарылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1307
Көп окулду
×