Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 18.10.2017 12:30

Айыл турмушу: Токтогулдук 37 жаштагы Анаркүл кантип бизнесвумен болгонун айтып берди (фото)

Turmush -  Токтогул районуна караштуу Комсомол айылынын 37 жаштагы тургуну Анаркүл Алымкулова жеке ишкерлик менен алектенип, үй-бүлөлүк бюджетин толуктап келет. Аймактык кабарчы жеке ишкерден кабар алды.

А.Алымкулованын айтымында, ал кесиби боюнча эсепчи.

«Окууну аяктап, Токтогул РЭСте контролер болуп иштеп жүрүп, жарытылуу деле айлык болбогондуктан башка жумуш менен алектенүүнү эп көрдүм. Алгач курут жасап, аны базарга дүң баада сатуу менен баштадым. Ошол убакта курут тоголоктоочу аппарат сатып алып, ишти жеңилдетип, ишкерликти күчөтсөм деп кыялданып жүрдүм. Ал тургай ал аппаратты көрүп келгем, бирок акчанын жетишсиздигинен улам сатып ала албай жүргөм. Көктөн издегеним жерден табылып, айыл өкмөттүн эшигинде илинип турган жарыяны окуп калдым. Анда элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган «Эң мыкты бизнес идея» сынагы тууралуу жазылган экен. Дароо эле кыялымда жүргөн бизнес идеямды кагаз бетине түшүрүп, белгиленген дарекке жөнөттүм. Жөнөтүп жатып «Кантип эле болсун, утаар бекенмин» деген күмөн ой болду. Бир нече күндөн кийин «Сиздин бизнес идеяңыз жактырылды, 2-турга чакырабыз» деген кат келди. Окуп алып аябай сүйүндүм. Ошентип курут тоголоктоочу аппарат да алдым», - дейт ал.

А.Алымкулова учурда аппарат менен бир күндө 4 кап курут тоголоктойт.

«Мурда кол менен тоголоктогондо 3-4 күндө балдар менен бирге 2 кап курут тоголокточубуз. Азыр 2 кап курутту 1 күндө тоголоктоп жатабыз. Эки ай ичинде 7000 сомдой пайда таптым. Буйруса эрте жаздан баштап курут жасап, бизнести өнүктүрсөм деген планым бар. Сүзмөнү 25 сомдон, кийин 45 сомдон сатып алып келип тоголоктоп жүрдүм. Сырье өзүңдөн чыкса жакшы экен. Сиңдим менен биригип бул ишкерликти өнүктүрөйүн деп жатам. Ал жайлоого чыгат, сүт кеңири, көп курут тоголоктоп алууга мүмкүнчүлүк бар. Айылда курут сатып алуучу ири жайлар бар. Алар жол чыгымын төлөп беришет, мен дүң баада өткөрүп берем», - дейт ишкер.

Ошондой эле, ал долбоордун алкагында 10 аялдан турган топ түзгөндүгүн кошумчалады.

«Менин ийгилигимди көрүп, айылдык кыз-келиндер, жаштар иштөөгө мүмкүнчүлүктөр бар экенине ынанышты. Алардын ичинен бирөө өзүнүн каражатына курут тоголоктоочу аппарат сатып алайын деп жатат. Дагы бир келин ушундай сынактар болсо катышып, тигүүчү машиналарды сатып алып, цех ачууну ойлоп жүрөт. Айылда бизнесвумен болуп, жолдошум да мага жардамдашып, ишкерликти колго алып жатабыз. Мындай иш баштаганымды кайын журтум дароо колдоого алды», - деди А.Алымкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×