Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Токтогулда шайлоочулардын 6,4%ы добуш берди (фото)

Turmush -  Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов Токтогул шаарындагы №2235 шайлоо участкасында добуш берди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Аким шайлоочуларды куттуктап, тынч жана таза өтүүсүнө тилектеш экенин билдирди.

Маалым болгондой, райондо 46 миң 247 шайлоочу бар. 34 шайлоо участкасы ачылган. Алдын ала добуш берүү үчүн 526 адам арыз менен кайрылып, 411 адам добуш берген.

«Саат 10:00гө карата район боюнча 3004 шайлоочу добуш беришти, бул жалпы шайлоочулардын 6,4%ын түздү. Шайлоо участкаларында 169 байкоочу, талапкерлердин ыйгарым укуктуу 68 өкүлү шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүдө. Райондо саясий абал туруктуу», - деп айтылат маалыматта.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1118
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×