Turmush — Кыргызстанда бүгүн, 5-октябрда билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип жатат. Мугалимдердин майрамына карата Токтогулда көп жылдар бою мугалим болуп эмгектенген жубайлар — Изамбаев Самидин ата менен Карабашева Зейнеп апа жөнүндө 1 жыл мурда жарыяланган макаланы кайрадан жарыяладык. Тилекке каршы Зейнеп апа 2017-жылдын сентябрь айында жарыкчылык менен коштошту.
80 жаштагы Самидин ата Токтогул району боюнча алгачкы англис тилчи мугалим болгон. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы агайдан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, 1937-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү (Токтогул району) Сөгөт кыштагында төрөлгөн. Ош педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин 1958-жылы бүтүрүп келип, Токтогул районундагы алгачкы англис тилчи мугалим болгон. Азыр пенсияда.
«Окууну бүтүп, Токтогул районуна алгачкы англис тилчи мугалим болуп келдим. Келгенде эле Торкендеги мектепте иштедим. Торкенде 3 жыл иштеп, 1961-жылы Үч-Терек айылындагы мектепке которулуп, 1965-жылга чейин иштедим. 1965-жылы сентябрь айында Токтогул районунун өзүндөгү Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепке которушту. Ал жерде 1 жыл иштегенден кийин райондук билим берүү бөлүмүнө инспектор болуп иштеп калдым. Ал жердин жетекчилик кызматтарында 18 жыл иштедим. Андан кийин кайра 1983-жылы Ж.Бөкөнбаев мектебине директор болуп дайындалдым. Ал жерде директор болуп 15 жыл иштедим. Кийин катардагы мугалим болуп 4 жыл иштеп, 1999-жылы пенсияга чыктым. Билим берүү тармагында жалпысынан 50 жылдан ашык иштедим», - деди аксакал.
Мугалим ата баарлашуу учурунда ал кездеги Коммунисттик партияга өтпөй койгондугу үчүн жогорку кызматтарга көтөрүлбөй калгандыгын айтты.
«Коммунисттик партияга такыр өткөн жокмун. «Партияга өт, жогорку кызматтарды беребиз» деп жүрүштү. Эч өткөн жокмун. Себеби атам Маткерим бийди совет бийлиги кулакка тартып жиберген болчу. Ошондуктан партияны жактырчу эмесмин. Билимдүү болуп, иштей алганым үчүн гана кызмат берип жүрүштү», - деди ал.
Агайдын бир кезде окуткан окуучулар азыр да учурашып турушат.
«Окуткан балдарымдын алды 60 жаштан ашып, аксакал болуп калышты. Жолукканда агай дешип салам айтышат. Айрым адамдар «бул чал сизди агай деп жатат, сиз өзүңүз канчадасыз?» деп сурап калышат. «Бир кездеги окуучум экен» деп күлүп калам. «Мугалим мөмөлүү дарак» деген ырас. Окуучуларым агай деп учурашып калышса кубанып калам», - деди ал.
Аксакал эргүү келгенде ыр жазып, комуз чертет. 2019-жылы Самидин атанын «Өмүр өлчөмүндөгү ырлар» аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.
Агайдын байбичеси Карабашева Зейнеп апа да мектепте математик мугалим болуп 27 жыл иштеген. Анын 16 жылын директордун орун басары болуп эмгектенген.
Апанын айтымында, 1937-жылы Токтогул районунун Көтөрмө айылында төрөлгөн. Бишкектеги И.Арабаев атындагы педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, математик мугалим кесибине ээ болгон.
«Абышкам экөөбүз Торкенттеги мектепте мугалим болуп иштеп жүргөн учурда 1960-жылы 15-августта баш коштук. 7 баланы тарбиялап өстүрдүк. Абышкам экөөбүз мектепте жүздөгөн балдарды окуттук», - деген болчу Зейнеп апа.
Мугалим түгөйлөр экөө тең «Эл агартуунун отличниги» наамына татыган. 17 небереге чоң ата, чоң эне жана таята-таене болушкан.
Жаңы үйлөнгөн мезгил
Кыздары, күйөө балдары менен