Turmush — Аттокуров Кутубек Нуржанович Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу алыскы Толук айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка райондун акими кол койду.
Жаңы дайындалган айыл өкмөт башчыны эмгек жамаатына райондук мамлекеттик администрация башчысы — аким Акылбек Түкебаев тааныштырды.
- К.Аттокуров 1977-жылы Токтогул районунда туулган. Ал зооинженер, менеджмент багыты боюнча билимге ээ. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта бир нече жылдык эмгек стажы бар